03:21
USD 89.11
EUR 94.62
RUB 0.95

Кыргызстандыктар көбүнчө Германия, Түркия, АКШ жана Канадага көчүп кетишет

Кыргызстандыктар көбүнчө Германия, Түркия, АКШ жана Канадага көчүп кетишет. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында Улуттук статистикалык комитеттин демография бөлүмүнүн башкы адиси Тамара Таипова билдирди.

Анын айтымында, жакынкы өлкөлөрдөн кыргыз жарандары Россия жана Казакстанга чыгып кетишет. Ал эми Кыргызстанга туруктуу жашоого эң көп Кытай жарандары келишет.

Ички миграция Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарында күчтүү. Ош жана Жалал-Абад облустарынан сейрек ордо калаага көчүп келишет.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби