01:28
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Өлкөдө бензин тартыштыгы болбойт

Өлкөдө бензин тартыштыгы болбойт. Бул тууралуу Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.

Алардын маалыматында, өлкөдө бензин бир айга, дизель майы 20 күнгө жетет.

Анүстүнө Россия Кыргызстанга пошлинасыз бензин чыгарууну кайра жандантты. Бирок, Россиядагы мунай зат иштетүүчү заводдордогу бааны көтөрүлүшүнө байланыштуу күйүүчү майдын импорттук баасы жогорулады. Андыктан, өлкөдө бензин жана дизель майына баа көтөрүлдү.

Эскерте кетсек, кечээ парламенттин отурумунда депутат Исхак Пирматов бир аптадан кийин Кыргызстан күйүүчү майсыз каларын айтты.

Эң көп окулган жаңылыктар