16:45
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Атасы Москвага алып качып кеткен балдар Кыргызстанга кайтып келишти

Атасы Москвага алып качып кеткен балдар Кыргызстанга кайтып келишти. Бул тууралуу ИИМ маалымдайт.

ИИМдин билдирүүсүндө, үч баласын Москвага мыйзамсыз алып качып кеткен Кайрат Сатаев кармалды. Ага каршы Кылмыш кодексинин 353-беренеси менен («өзүм билемдик») иш козголду. Андан тышкары анын Гүлзат Шарипованы сабагандыгы үчүн дагы иши каралууда.

Эскерте кетсек, Кайрат Сатаевдин мурдакы жубайы Гүлзат Шарипова октябрь айында дайынсыз жоголгон үч баласын табууга коомчулуктан жардам сураган. Аларды атасы Кубанычтбек Сатаев алып кеткендиги такталган. Кийинчерек Кубанычбек Сатаевди балдары менен Москвада кайыр сурап жүргөндүгү маалымдалат. Балдарга эл аралык издөө жарыялангандан кийин Москвадан табылды.

ИИМдин маалыматында, балдарды абалы туруктуу. Бирок, медициналык кароодон өткөрүү зарыл.

Эң көп окулган жаңылыктар