07:00
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Сапар Исаков Европага Кыргызстан менен соода алаканы күчөтүүнү сунуштады

Сапар Исаков Европага Кыргызстан менен соода алаканы күчөтүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал Европа биримдигинин Жогорку өкүлү Федерика Могерини менен жолугушуу учурунда билдирди.

Өкмөт башчысынын пикиринде, Кыргызстан менен Европа ВСП+ макамынын мүмкүнчүлүгүн толук колдонбой жатат.

«Европа биримдигине экспортту көбөйтүү үчүн биз чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтүп, күбөлүк алуу жана өндүрүштүк кубаттуулугун көтөрүүгө көмөк көрсөтүшүбүз керек», — деди Сапар Исаков.

Сапар Исаков Федерика Могеринин «Таза коом»  программасына кызыгуусуна ыраазычылык билдирип, Европа биримдигинин жардамына ишеним артарын айтты. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума