Кыргызстандагы күйүүчү май эки жумага гана жетет. Бул тууралуу бүгүн жыйында депутат Исхак Пирматов билдирди.
Ал ЕАЭБке киргенден кийин бензин өлкө пошлинасыз алынып келип жатканын белгилеп өттү.
«12-13- октябрдан бери бензин келбей жатат. Эки аптадан кийин күйүүчү май түгөйт. Эгер, пошлина менен алып келе турган болсок, анда баа кымбаттайт. Өкмөт маалыматтар бербей жатат», — деди Исхак Пирматов.
Депутат жарандарга бензин баасы өсөрүн ачык айтууну сунуштады.