Нью-Йорктогу терактка айыпталган Сайфулло Саипов Кыргызстанда жашаган эмес. Бул тууралуу маалыматты ИИМдин 10-башкармалыгы жана УКМКнын түштүк облусу боюнча башкармалыгы жокко чыгарат.
Алардын айтымында, Ош шаарында Саиповдордун үй-бүлөсү жашайт. Бирок, алардын Сайфулло менен эч бир туугандык мамилеси жок.
«Айрым маалымат каражаттары Сайфулло Саипов Араванда жана Кара-Сууда жашагандыгын жазып чыгышты. Биз бул райондорду, ал жылдарды текшерип көрдүк. Маалымат такталган жок», — деди УКМК.
Учурда Саиповдун 2004-2005-жылдары Кыргызстанда жашагандыгы текшерилип жатат.
«Ал эч качан Кыргызстандын паспорттун алган эмес жана эч бир район, шаарда каттоодо турган эмес. Азыр 2004-2005-жылдары Кыргызстанда жашоого уруксат алгандыгы жөнүндө маалыматты карап жатабыз» — дейт УКМК.