07:52
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Таластын аксакалдары президенттин кечирим сурашын талап кылышууда

Талас облусунун аксакалдары президент алардын намысына тийгендигин айтып, элден кечирим суроосун талап кылышты. Бул тууралуу алар бүгүн «24.kg» агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдиришти.

Алар алгач 2010-жылдагы революция Таластан башталганын эскертип өтүштү.

«6-апрелде таластыктар Бакиевдин үй-бүлөлүк бийлигине каршы чыгышкан. 7-апрелде биздин балдар куралсыз, көкүрөгүн отко тоскон», — деди Асанбек Дүйшеналиев.

Ал Абыке-Көбөштүн жана Манастын урпактарына бөлүү менен, өлкө башчысы элдин арасында ажырым жаратып жаткандыгын айтты.

Аксакалдар кыргызда сөзгө терең маани берип, «айтылган сөз -атылган ок» деп айтылып жүргөндүгүн белгилешти.

«Алмазбек Атамбаевдин айткан сөзү биздин намыска тийди. Бизде Абыкенин урпактары жок. Баарыбыз Манастын урпактарыбыз. Бул Ош, Чүй, Талас, Нарын дагы Манастын урпактары. Биз дайым Кыргызстандын биримдиги үчүн күрөшүп келгенбиз», — деди Төрөбек Кешенбаев.

Аксакалдар Алмазбек Атамбаевге Талас элинен кечирим суроого бир жума беришти. Болбосо, алар эл аралык сотко чейин кайрылып, митингге чыгышмакчы.

Эң көп окулган жаңылыктар