09:07
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстан лабораторияларды Казакстандын жардамысыз курат

Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитети өкмөттүн Казакстан менен 100 миллион доллар боюнча түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу сунушун колдоду. Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин айтымында, Кыргызстан керектүү каражатты бюджетттен, же башка булактардан издейт. 

«Биз бул жардамдан баш тарталы деп чечим кабыл алдык. Ишкерлерге, айрыкча экспортко багытталган ишканаларга жардам көрсөтүү үчүн ички булактардан акча табууга аракет кылабыз» - деди вице-премьер-министр. 

Белгилей кетсек, 100 миллион доллар каражат ЕАЭБтин алкагында Казакстан Кыргызстандын экономикасына колдоо иретинде, атайын лабораторияларды жабдуу менен камсыз кылууга техника жана

акча түрүндө бөлмөк.

Өкмөттүн маалыматында, учурда Кыргызстанда эл аралык стандартка ылайыкташып, азык -заттарды жана башка товарларды текшерүүдөн өткөрө ала турган 14 лаборатория курулууда. Анын баарына Кыргызстан өзү каражат тапты. 

Эң көп окулган жаңылыктар