Маевкадагы үй жана ууналарды өрттөөгө шектүү кармалды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Милиция тергөө иштерине шилтеп, кармалган жарандын өздүгүн ачыктабайт.
Эскерте кетсек, 17-октябр түнү Чүй облусунун Аламүдүн районунун Маевка айылында бир нече ууна жана үй өрттөнгөн.
Милиция аң-сезими жабыркаган ушул айылдын тургунан шексиген.