02:37
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Казакстанда 700 кыргызстандык миграция мыйзамын бузгандыгы үчүн жоопко тартылды

10-октябрдан бери Казакстанда 700 кыргызстандык миграция мыйзамын бузгандыгы үчүн жоопко тартылды. Бул тууралуу Tengrinews.kz агенттигине Мамлекеттик тил жана маалымат департаментинин директору Алмас Садубаев билдирди. 

Казак тараптын маалыматында 10-сентябрдан 1-декабрга чейин пландуу текшерүүнүн алкагында полиция үйлөрдү кыдырууда. 

«9-18-октябрда 28 административдик мыйзам бузуу түзүлдү. Андан тышкары 518 үй-бүлөлүк- тиричилик мамилеси боюнча, 1,3 миң майда тентектик боюнча акт жазылды. 5 миңдей жаран жашаган жеринде туруктуу, же убактылуу катталуу эрежесин бузган. Анда 3 миң 778 Казакстандын жараны, 1  миң 647 чет элдик жарандар. 701и Өзбекстандын, 685и Кыргызстандын, 71и Россиянын жана 27си Тажикстандын жана 163ү башка мамлекеттердин атуулдары», — деди Алмас Садубаев.

Эскерте кетсек, кечээ Астанада Казакстандын жана Кыргызстандын өкмөтүнүн сүйлөшүүлөрү өттү. 

Эң көп окулган жаңылыктар