16:29
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

«Агент 024»: Кыргыз-казак чек арасы жабылып, Таласта азык-түлүккө баа көтөрүлдү

Таласта казак цементтине тартыштык жаралды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине окурмандар билдиришти.

«Кыргыз-казак чек арасында маселе жаралганга чейин цементтин бир кабы 230 сом болчу, азыр сатыкта жок. Кант цемент заводунуку сатылып жатат. Бирок, ал 400 сомдон. Андан сырткары, газ баллондун бирөөсү 550дөн 770 сомго өстү. Бир кап ун эки эсеге кымбаттап, 1,6 миң сом турат» — дейт жергиликтүү тургун.

Эскерте кетсек, 10-октябрдан тарта кыргыз-казак чек арасында текшерүү күчөп, унаа жана жүргүнчүлөрдүн тыгыны жаралды.

Эң көп окулган жаңылыктар