07:37
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

БШК 9 алыскы аймактан жана чет өлкөдөн келе турган бюллютендерди эсептей элек

БШК 9 алыскы аймактан жана чет өлкөдөн келе турган бюллютендерди күтүүдө. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Боршайкомдун төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Бюллютендерден колдо эсептелип чыкты.

«Бирок, автоматтык эсептегичтин жыйынтыгы менен айырмачылык жок эсе. Эми тогуз алыскы толуу аймактын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Андан сырткары, чет өлкөдөгү шайлоо тилкелеринин протоколдору келет. Бирок, шайлоочулардын саны аз болгондуктан жалпы жыйынтыкка таасир бербейт деп ойлоймун» — деди ал.

БШК баардык шайлоо тилкелеринен бюллютендер жана протоколдор келип түшкөндөн кийин расмий жыйынтыкты жарыялайт. Мыйзам боюнча комиссияда добуш берүү күнүнөн кийин 20 күн убакыты бар.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума