19:14
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Ошто Темир Сариевге добуш берген жаранды сабап кетишти

Ошто Темир Сариевге добуш берген жаранды сабап кетишти. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Темир Сариевдин штабынан Назира Ахмедова билдирди.

Анын айтымында, Кара-Суу районунун Шарк айылдык аймагында добуш берген шайлоочунун бюллютенин комиссиянын мүчөсү көрүп калган. Ал бул боюнча чымыр денелүү балдарга маалымдаган.

Шайлоочу добушканадан чыгып баратканда аны кармап, алысыраак алып барып сабашкан.

Президенттикке талапкердин штабы укук коргоо органдарына арыз менен кайрылат.

 
Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума