03:35
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

60 миңден ашык кара-суулуктар Жээнбековду колдоо үчүн жолугушууга келишти

Президенттик кызматка талапкер Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-октябрда Ош облусунун Кара-Суу районунун жашоочулары менен Кара-Суу шаарынан жолугушту.

Сооронбай Жээнбеков айылда чоӊойгонун, ат минип, мал кайтарып, бутуна өтүк кийип, суу сугарганын эскерди.

«Карапайым адамдардын санаасын, көйгөйлөрүн жакындан билем. Атам бала чагыбыздан тарта жупуну болгула, ак иштегиле, мансапка манчыркабагыла, элге, жерге жакын жүргүлө деген акылды кулагыбызга куюп өстүрдү. Жетекчилик кызматтарда канча жүрсөм да, «жеп алыптыр, тартып алыптыр» дегендей артыман жаман сөз ээрчиген жок. Мен элден чыктым, мен дегенде - эл дегиле! Эл мени шайлаганда, өзүн шайлагандай болот!», - деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Мындан тышкары, Президент болом дегендердин арасынан айылда, райондо, облуста, чарбада, башкаруунун ылдыйкы тепкичтеринде иштеп келген жалгыз ал экенин айтты.

«Айылда мугалим, зоотехник, совхоз жетекчиси болуп, анан райондо иштеп, кийин Жогорку Кеӊештин үч чакырылышынын депутаты, айыл чарба министри, губернатор, акыры премьерликке чейинки тепкичтин баарын басып өттүм. Бир жарым жыл премьер-министр болуп иштегеним мага чоң тажрыйба болду. Кыргызстандын бардык булуң-бурчун кыдырып, мурда көрбөгөн, укпаган көйгөйлөрдү көрдүм. Кайсы жерде, кайсы кызматта болбоюн, аз сүйлөп, көп иштөө мен үчүн биринчи орунда эле. Кудайга шүгүр, мен жетектеген өкмөттүн ийгиликтери жакшы болду, бул кызматтан абийир менен кеттим. Мен элден чыккан, элдик президент болом!»

Сооронбай Жээнбеков

Ал кара кара-суулуктарды жылуу маанайда тосуп алгандары, колдоосу жана бир добуштан шайлап алабыз деген сөздөрү үчүн ыраазычылык билдирди. Сооронбай Жээнбековду колдоо максатында жолугушууга 60 миңден ашуун Кара-Суу районунун тургундары келишти! Жолугушуу Кыргызстандын маданият ишмерлеринин концерти менен аяктады. 

Президенттик кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү. Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 12.10.2017 ж.

Эң көп окулган жаңылыктар