04:29
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Нурсултан Назарбаев Сапар Исаков менен эки тараптуу сүйлөшүү өткөргөн эмес

Нурсултан Назарбаев Сапар Исаков менен эки тараптуу сүйлөшүү өткөргөн эмес. Бул тууралуу казак өкмөтү билдирүү таркатты. 

Маалыматта эки тараптуу жолугушуу болбогондугу, Кыргызстандын премьер-министр Нурсултан Назарбаевге келип, кыска сүйлөшкөндүгү айтылат. 

«Нурсултан Назарбаев казак өкмөтүнө чек арадагы кырдаалды чечүү буйругун бергендиги дагы калп. Эки өкмөт мүчөлөрүнө бул маселе боюнча сүйлөшүү жүргүзүү гана сунушталды»- деп айтылат. 

Казакстандын өкмөтүнүн билдирүүсүндө, чек араны кесип өтүүгө эч кандай чектөө жок. Болгону чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштеп, дыкат текшерүү жүргүзүп жатышат. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума