02:26
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Өлкөнүн аймагын кыскарткан жетекчилердин аты түбөлүккө калтырылбайт

Маданият, маалымат жана министрлиги «Тарыхый күндөр, окуялар жана ишмерлердин атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө» мыйзам долбоорду коомдук талкууга сунуштады.

Ага ылайык белгилүү жана кайсы бир тармакка эмгек сиңирген ишмерлердин ысмын калк жашаган аймактарга, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге көзү өткөндөн жети жылдан кийин гана ыйгарууга болот.

Мыйзам долбоор тыюу салат:

— Бир эле инсандын ысмын жакын жайгашкан, же бир административдик аймакта жайгашкан айылдарга ыйгарууга тыюу салынат;

— Анын жетекчилигинде Кыргызстандын аймагы кыскарып, жер башка өлкөгө берилген инсандардын атын түбөлүккө калтырууга болбойт;

— Аталышын өзгөртүүдө динге байланыштуу сөздөр, же саясый партиянын, кыймылдын аталыштары ыйгарылбайт;

— Кайсы бир жеке инсандын атын ыйгаруу үчүн калк жашаган аймактын тарыхый аталышын өзгөртүүгө жол берилбейт.

Эң көп окулган жаңылыктар