USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

Кулунду айылында көмүр ташынан унаа көпүрөнү бузуп, сууга түшүп кетти

17:11, 06 октября 2017, Бишкек - 24.kg

Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылына жакын Тажикстан менен чек арада көмүр ташыган унаа көпүрөнү бузуп, сууга кулады. Бул тууралуу күбөлөр видео жөнөтүштү.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, көпүрө көмүр ташып бара жаткан жүк ташуучу унаанын салмагын көтөрө алган эмес. Айдоочу бул кезде чек арачыларга кагаздарын көрсөтүп жаткандыктан зыян тарткан эмес.

Учурда машина чыгарылды. Айыл өкмөтүнүн айтымында, көпүрө Тажикстанга тиешелүү. Андыктан, коңшулар оңдошот.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика