10:44
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Билл Лиф: Мен Кыргызстанда чайнек менен убакытты өлчөгөнгө үйрөндүм

Билл Лиф Бишкекке жакында эле келди. Ага чейин төрт жыл Ошто иштеген. Негизинен Американын жараны акыркы 14 жылдан ашык убакыттан бери Борбордук Азияда, 30 жылдан бери мурдакы совет өлкөлөрүндө жашап келет. Тогуз жылга жакын Ашхабадда иштеген.

— Бишкекте сизди эмне таң калтырды?

— Бишкек мени ресторандардын көптүгү жана ар түрдүү ашканалары менен таң калтырды. Каалаган тамакты жеп ашказаным жыргап жатат. Андан тышкары, Бишкекте шопинг үчүн да мүмкүнчүлүктөр кенен. Бирок, түштүктүн базарлары өзгөчө.

-Кыргызстанда сизге эмне жетишпейт, куса болосуз?

— Албетте, үй-бүлөмдү сагынам. Менин аялым Майамиде жашайт. Бороон башталганда алар үйдү таштап кетүүгө аргасыз болушту. Мен болсо Кыргызстанда олтуруп, үй-бүлөмө жардам бере албаганымдыга ыза болдум. Бактыга баары жакшы аяктады.

Андан тышкары Бишкекке жакшы көнө электен, Ош жана Баткендеги күндөрүмдү сагынып калам. Жекшемби күндөрү көчөлөрдө кеңири басып,тааныштарды жолуктуруп, чай ичип да олтуруп калчу элек.

— Бишкекте жактырган жайларыңыз барбы?

— 

Эркиндик жана Жаш гвардияда сейил багында көп болом. Ата-энелердин балдары менен чогуу ойноп жатканын карап олтуруу эле өзү сонун.

Ысык-Көлдө жана Ала-Арча улуттук паркында болдум. Негизинен жаратылышы абдан кооз.

— Улуттук ашканадан кайсы тамактар өзгөчө жагат?

— Албетте палоо. Айрыкча тойдогу аштар даамдуу болот. Шорпого алгач көнө албай жүрдүм. Мага биринчи майлуу суудай көрүнгөн, эми жагат.

2013-жылы Баткенде жашаган кезде менин досум тушоо той өткөрүп калды. Мен койду сойгондон тарта, этти казанга салып бышырганды башынан аягына чейин көрдүм. Столго олтурганда мага бир тамак сунушташты. Эмне деп аталарын сурасам айткан жок. Ошондо ичеги жедим го деп ойлойм.

— Жергиликтүү калк менен жакын танышууда эмне көңүлүңүзгө тийди?

— Мага ата-энеге болгон сый абдан жагат. Балдардын өз ата-энесине, же уулууларга сыйына байкоо салып таң калам.

Дагы бир нерсеге абдан таң калдым- жергиликтүүлөр чет элдиктерден тартынышат. Алардын ишенимине кирип, жакын адамына айлануу үчүн бир топ убакыт кетет. Азыр менде жакын ага-инилерим бар. Кыргызстандан кеткенде тааныштарымды сагынам го деп ойлойм.

Мага жакпаганы — бул айдоочулардын тартипсиздиги. Бул жылы мен билгенден жол кырсыктары көп катталды. Азыр өкмөт, жарандык коом аракет көрүп жатканын билем. Жыйынтык чыгып, жол кырсыгы азаят деп үмүт кылам.

Эң көп окулган жаңылыктар