18:50
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Сооронбай Жээнбеков: Мен популисттик демилгелерге, куру убадаларга каршымын

«Мен мамлекеттик бюджет жөнүндө сөз болуп жатаканда популисттик демилгелерге каршымын. Анткени мамлекеттик бюджет резина эмес» — деп билдирди 4-октябрда КТРКда өткөн дебат учурунда президентикке талапкер Сооронбай Жээнбеков. Бул жөнүндө ал башка президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун «эмне себептен премьер-министр учурунда «Республика-Ата-Журт» фракциясынын жылдык 7 пайыздык айыл-чарба насыяларын берүү демилегесин колдобой койдуңуз» — деген суроосуна жооп берип жатып айтты.

Сооронбай Жээнбеков биринчи кезекте айыл аймактарда кайра иштетүүчү өндүрүштөрдү калыбына келтирүү керектигин, ага жылдык 6 пайыздык насыяларды берүү ишке ашырыла баштаганын билдирди.

«Экинчиден, учурда 10 пайыздык насыялар берилип, каалоочулар банктарда ошол насыя алуу үчүн кезекте турушат. Бюджетти кыйынчылык менен 7 млрд. сомго жеткиргенбиз, биздин фермерлер силердин банкыӊарда жылдык 27 пайыздык насыяга кезек күтүп турбасын деп, ошол кезекке турууну жокко чыгарыш үчүн келечекте бюджетти 20 млрд. сомго жеткиришибиз керек, андан кийин 7 пайызга өтүшүбүз керек.

Биз 10 пайыздык насыя менен толугу камсыз кыла албай туруп, кантип сиздин популисттик демилгелер жөнүндө айта албыз, кантип аларды колдойбуз? Учурда аны жасай албайбыз. Анткени мамлекеттик бюджет резина эмес. Ар бир нерсенин эсеби бар. Мен популисттик чечимдерге каршымын.

Бюджетти 20 млрд. жеткиребиз, 10 пайыздык кезектерди жокко чыгарабыз, андан кийин гана пайызды кыскартабыз. Керек болсо 6 пайызга чейин деле төмөндөтө алабыз. Мен премьер-министр болуп турганда, буга ресурстарды тапканбыз жан азыр узак мөөнөттөгү насыяларды бере турган Кыргыз Россиялык Өнүктүрүү фондуна окшогон фонд уюштуруудабыз. Мунун бардыгы менин программамда толугу менен жазылган», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Президентикке талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү. Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 05.10.2017 ж.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума