Парламентке Кыргызстан БУУ Өндүрүштү өнүктүрүү уюму (ЮНИДО) менен карызын жөнгө салуу боюнча келишимдин долбоору келип түштү. Кыргызстан 1993-жылдан бери мүчөлүк акыларын төлөбөй жалпысынан 385 миң 87 евро карыз болгон. 2017-жылдын 16-мартында Өнөр-жай, энергетика жана кен байлыктар боюнча мамлекеттик комитет 75,2 миң евро төлөгөн.
Калган 305 мин еврону беш жыл аралыгында бөлүп төгөт. Келишимде каражат республикалык бюджеттен бөлүнөөрү айтылат.