Президенттик кызматка талапкер Сооронбай Жээнбеков Свердлов райондук сотуна «24.kg» агентигине каршы доо арыз менен кайрылды.
Ал маалымат агентигинин интернет баракчасында 11-сентябрда жарыяланган «Сочиге сапар. Кремлди дагы бир жолу мураскерге ынандыруу?» макаласынын автору Кабай Карабековдон жана агентиктен 5 миллион сом талап кылат.
Арызда талапкердин кадыр-баркына доо кетирилгендиги айтылат.
Белгилей кетсек, бул макала Сооронбай Жээнбековдун штабынын талабынан кийин алынып салынган.