19:35
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Аида Салянованы сегиз жылга эркинен ажыратуу суралууда

Мамлекеттик айыптоо Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованы сегиз жылга эркинен ажыратууну сурады. Бул тууралуу бүгүн Ленин райондук сотундагы жарыш сөздө айтылды. 

Прокуратуранын пикиринде, Аида Салянованын күнөөсү далилденди.  Юстиция министри Алексей Елисеевдин жактоочулук күбөлүгүн узарткандан кийин ал Кыргызстандагы кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп, Латвияда жашоого уруксат жана качкын макамын алган.  Жактоочулук күбөлүгү менен ал укуктук кеңеш берүүчү сайт ачкан. 

Мамлекеттик айыптоонун пикиринде, Елисеев 2010-жылы издөөгө алынган. Салянова күбөлүктү узартууда бул жагдайды эске алган эмес. 

     

Эң көп окулган жаңылыктар