08:28
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бүгүн Аида Салянова Жогорку Кеңеште акыркы сөзүн сүйлөдү

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова парламенттеги кесиптештери менен коштошту. Ал бүгүнкү жыйында акыркы сөзүн сүйлөдү.

Аида Салянова мамлекетке бир тыйын зыян келтирбегендигин билдирди.

«Өч алгысы келген адамдар таза жана жогору болушу керек. Сот бийлигин сыйламай түгүл, ага кол сунууга уялышыбыз керек. Ага карабай биз аларды баатыр катары көрсөтөбүз», — деди ал.

Ал депутаттарды демилгелеген мыйзам долбоорлорун колдон берүүгө чакырып, ийгилик каалады.

Эскерте кетсек, Салянова соттун чечими менен беш жылга эркинен ажыратылды. Ал жаза мөөнөтүн эки жашар кызы 14 жашка чыкканда өтөйт.

Эң көп окулган жаңылыктар