14:35
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Бишкекте сегиз айда 170 маршрутка жол кырсыгына кабылган

2017-жылдын башынан бери 1 миң 354 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Жол кайгуул кызматы кабарлайт.

Маалыматка караганда, коомдук транспорттун катышуусу менен 170 кырсык болду. Жүргүнчү ташыган унаа ээлери 3 миң 494 жолу жол эрежесин бузушуп, 273 унаага айыппул салынды.

Жүргүнчү ташыган 27 ишкана айдоочуларына алыглыктуу көзөмөл жүргүзө албагандыгы үчүн 5 миң сомдон айып пул төлөшкөн.

Эң көп окулган жаңылыктар