17:39
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Чу жана Талас дарыялары 25 жылдан кийин 45 пайызга кыскарат

Чу жана Талас дарыялары климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу 25-50 жылдан кийин 25-45 пайызга кыскарат. Бул тууралуу эл аралык конференцияда БУУнун өкүлү Алиона Никулита билдирди.

Анын айтымында, климаттын өзгөрүүсү суулардын көлөмүнө да таасир берүүдө. 

«Суунун азайышы айыл-чарба тармагына таасир берет. Суу тартыштыгы коңшулар ортосундагы карым-катнашты оордотот», — деди ал.

Адистердин билдирүүсүндө, аталган дарыялардын башаты болгон мөңгүлөр 2100 жылда эрип жоголот.

Эң көп окулган жаңылыктар