Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен инвесторлорду коргоо боюнча сап башында. Бул тууралуу кыргыз-өзбек бизнес форумунда экономика министри Артем Новиков билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандын соода алакасында Өзбекстандын үлүшү 4,4 пайыз. Экспортто 6,6 пайыз, импортто 3,6 пайыз.