22:31
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Баткендеги жер көчкү болгон жерге жакын үйдүн тургундары көчүрүлдү

Баткен облусунун Кан айылындагы жер көчкү болгон жерге жакын үйдүн тургундары көчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт. 

Эскерте кетсек, аталган айылда 1-сентябрь күнү жер көчүп, 350-400 метр жерде 1,5-2 метр тереңдиктеги жарака пайда болгон. 

Министрликтин маалыматында, жапа чеккендер жок. Бир үйгө коркунуч жаралгандыктан алар башка жерге көчүрүлдү. 

Ош облусунун Өзгөн районунун Зергер айылында апрель айында жер көчүп, 24 адам мерт кеткен. 

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби