03:40
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Өлкө экономикасы 7 пайызга өстү: Сапар Исаковдун өкмөтү үчүн жакшы башталыш

2017-жылдын жети айынын жыйынтыгын карап, өлкөнүн социал-экономикалык өнүгүүсү көңүл толот. Мындан улам, Сапар Исаковдун өкмөтү үчүн жакшы башталыш жана реформаларды жүргүзүүгө жол ачык десек болот.

Талдоочулардын пикиринде, жети айдын жыйынтыгы Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт чарбанын негизги тармактарын көтөрүп, алгылыктуу иш алып бара алгандыгын далилдейт.

Бир жарым жыл мурда жаңы өкмөт татаал экономикалык кырдаалда ишке киришкен. Анда ИДӨнүн көлөмү 4,9 пайызга кыскарып, экспорт 17 пайызга азайган. Аймактагы экономика каатчылыктын кесепетинен кийин алсыз болчу. Кыргызстан дагы каатчылыктан оолак боло алган жок. Андыктан, жаңы өкмөткө алдыга пландоо эмес, божомолдоо дагы кыйын болчу. Бирок ага карабай, мурдакы өкмөт оор кырдаалдан жол таап чыга алды. Премьер-министр айткандай, «Евразия экономикалык биримдигиндеги алдыга жылышты көрсөтө алган жападан жалгыз өлкө болду».

Статистикалык комитеттин маалыматында, январь-июль айларында ИДӨнүн көлөмү 240 миллиард сомду түзүп, мурдакы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,9 пайызга өскөн. Мында «Кумтөр» кенин кошпогондо, өсүү 214 миллиард сом жана 3,6 пайызды түзөт. Айыл-чарба — 0,8 пайызга, курулуш — 5,4, өнөр-жай −32 пайызга, дүң жана чекене соода-4 пайызга өскөн.


Өкмөттө ЕАЭБтин катаал шарттарына жана ага көнүү мезгилине карабай, экономикалык каатчылык артка калганын айтышты. Бул албетте премьер-министрдин жеңил колу менен ишке ашып, ал «эң кубанычтуу жыйынтык» деп бааланды.

Албетте ага макро жана микроэкономикалык көрсөткүчтөр жана оң жана терс жагдайлар өбөлгө болду. 

Жагымдуу шарттар катары фермерлерге жеңилдетилген насыя берүүдөн тарта, түз инвестициянын жана акчалай которуулардын көлөмүн көбөйүшү, алтынга баанын кымбатташы, инфляциянын турукташы жана Кыргызстандын соода өнөктөштөрүндөгү (Россия, Кытай, Беларус) экономикалык өсүүлөрдү кошууга болот.


Ал эми экономиканы басаңдаткан терс көрүнүштөр — бул баалардын кымбатташы, бизнес-насыялардын жогорку үстөк наркы, ички рыноктун ундун импортуна көз-карандуулугу.

Мында Улуттук банктын туура саясаты инфляциянын деңгээлин кармоого чоң көмөк болду. Жыл башынан бери июлдун аягына карата доллардын сомго карата наркы 0,8 пайызга (69,2301 сомдон 68,6500 сомго чейин) кыскарды. Жети ай ичинде Улуттук банк рыноктон 18 миллион доллар сатып алып, 22,1 миллион доллар саткан. 

Экспортту өнүктүрүүгө мурдакы премьер-министр өзгөчө көңүл бөлүп, кенен арыш таштады. Жыл башынан бери Кыргызстандан 800 миллион долларлык товар четке чыккан. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 30,1 пайызга көп.

Чет өлкөгө көбүнчө как, мөмө-жемиш, айнек, эркектердин кийимдери ташылган. Келечекте бул тизмеге эт, сүт, текстиль жана бут кийим кошулат. Себеби, Сооронбай Жээнбеков так ушул тармактарга басым жасады. Ал ар бир аймакта сүт заводдорун курууну буйруган. Кыргызстандын сүт азыктары менен ЕАЭБте өзгөчөлөнүү мүмкүнчүлүгү бар.

Импорт өткөн жылдын январь-июль айларына салыштырмалуу 7 пайызга көбөйүп, 1994,7 миллион долларды түздү. Мында дары-дармек, ун азыктары, кездеме, байланыш жабдуулары көп алынып келинген. Тышкы соодадагы экспорт менен импорттун ортосундагы айырмачылык 1190,1 миллион доллар болуп, 2016-жылга караганда 4,2 пайызга азайган.

Евразия экономикалык биримдигинде көбүнчө Россия жана Казакстан менен соода алака жүргүзөбүз.
Мурдакы өкмөт 12-августта ишке кирген ЕАЭБтин техникалык регламентин ишке ашыруу үчүн көп жумуш жасады. Анын жыйынтыгында бир нече ишканалар учурунда керектүү күбөлүктөрдү алышып, уюмдун бирдиктүү тизмесине киргизилди.

Эмгек мигранттарынан акчалай которуулар социал-экономикалык абалга чоң таасир берери белгилүү. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында, жылдын биринчи жарымында мигранттар 2016-жылга салыштырмалуу 30 пайызга көп, 898 миллион доллар которушкан.

Учурда Россия менен Казакстанда 700 миңдей мекендештерибиз иштейт. Андан сырткары, Түркия, Түштүк Корея, Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмираты жана Катарда дагы он миңдеген жарандарыбыз бар.
Эки тараптуу келишимдерге ылайык Россиянын миграциялык саясатында Кыргызстандын жарандарына карата жеңилдетүүлөр бар.

2016-жылга салыштырмалуу мамлекеттик бюджет 13,1 пайызга көбөйүп, 69,9 миллиард сомду түздү. Каржы министрлигинин маалыматында, мамлекеттик мекемелердин чыгымдары акыркы жылда 0,4 пайызга кыскарган. Акчалай жактан алганда бул 73,8 миллиард сомду түзөт. Ошондо казынанын жетишсиздиги январь-июнь айларында 3,97 миллиард сом, же ИДӨнүн 2 пайызын түздү. Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү үстүбүздөгү жылга салыктык жана салыктык эмес жыйымдарды кошуп, жалпысынан бюджет кирешесин 10 миллиард сомдун эсебинде мерчемдеген. 

Ошентип, бул жылдын биринчи жарым жылына карата социал-экономикалык өнүгүү мерчеми аткарылып, алдыга божомолдор, тапшырмалар так аныкталган. Мурдакы өкмөт 5 жылга эсептелген «Келечекке кырк кадам» программасын ишке ашырууга бекем пайдубал орнотуп койду десек болот.

Эң көп окулган жаңылыктар