18:25
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Башы кесилген аялдын өлүмүнө шектелип келини кармалды

Ош шаардык милициясы башы кесилген аялдын өлүмүнө шектүүлөрдү кармады. 25 жаштагы келини жана 37 жаштагы келинин эжеси камоого алынды.

Өлгөн аял өзү 1966-жылкы, Чоң-Алай районунун тургуну экендиги аныкталды.

Эскерте кетсек, 27-август күнү Ош шаарында таштандыдан башы кесилген аялдын сөөгү табылган. Ошондо эле милиция кызматкерлери кылмышты аял, же өспүрүм жасагандыгын айтышкан. Анткени, кылмышкерлер бутун да кесүүгө аракеттенишкен.

«Эгер эркек киши болсо, анда кесе алмак» — деп билдирген милиция.

 
Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума