01:53
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Эмки жумада Кыргызстанга Өзбекстандын президенти келет

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев эмки жумада Кыргызстанга келет. Бул тууралуу бүгүн Алмазбек Атамбаев Өзгөн районундагы элдер менен жолугушуу учурунда билдирди.

Буга чейин Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилиги Шавкат Мирзиеевдин сапары даярдалып жаткандыгын маалымдаган. 

Азырынча сапардын макамы белгисиз. Ошондой эле мөөнөтү бүткөнчө Алмазбек Атамбаев дагы Ташкентке расмий сапар менен барат.

Өзбекстандын президентинин Бишкекке расмий сапары акыркы жолу 2000-жылы болгон. Андан кийин мурдакы президенти Ислам Каримов Шанхай кызматташтык уюмунун жыйынына акыркы жолу 2013-жылы келген. 

Эң көп окулган жаңылыктар