Делиде кармалган Кыргызстандын жараны Зухра Балтабаева кызы менен бирге Индияга 8 килограмм алтын мыйзамсыз алып кирген. Бул тууралуу Тышкы иштер министри маалымдайт.
Зухра Балтабаева өзү 21-августта абамайданда 1 миллион долларды мыйзамсыз алып өтүүгө аракеттин жаткан жеринен кармалган. Индиянын басма сөз каражаттарынын маалыматында, аялдын колундагы баштыгынан 60 миң доллар алынып, тинтүү учурунда 1 миллион 41 миң доллар табылган. Аны ал Индияга мыйзамсыз жол менен алып кирген 4 килограмм 427 грамм алтынды сатуудан тапкан.
ТИМдин маалыматында, сот ал эки жумага камоого алды.
Делинин Пахаржани районундагы мейманканалардын биринде анын кызы дагы кармалды. Кызы 3 килограмм 383 грамм алдынды Индияга мыйзамсыз алып киргендигин мойнуна алган.