11:58
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Башкы прокуратура «Сентябрь» телеканалы менен соттошот

Башкы прокуратура «Сентябрь» телеканалы менен соттошот. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине телеканалдын өкүлү Кайыргүл Урумканова билдирди.

Анын айтымында, бүгүн Биринчи май райондук сотунда жолугушуу өтөт. Бирок, кайсы материалдын негизинде иш козголуп жаткандыгы азырынча белгисиз.

«Биздин саат 14.00гө Биринчи май райондук сотуна келгиле деп гана айтышты. Кайсы материалды экстремисттик деп тапканын билбейбиз» -деди Кайыргүл Урумканова.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума