18:25
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ош-Баткен-Исфана жолунун курулушу башталды

Ош-Баткен-Исфана жолунун Баткен облусунун Кызыл-Кыя-Көк-Талаа аймагынын жолунда даярдык иштери башталды. Бул тууралуу өкмөттүн облустук ыйгарым укуктуу өкүлү билдирет. 

Маалыматка караганда, жолдун 33 чакырым бөлүгү оңдолот. Ал Ислам банкы тарабынан 20 миллион долларга каржыланат. Курулушту «Алки» түрк компаниясы ишке ашырат. 

Марказ жана Майдан айыл өкмөтүнүн аймагындагы жол боюндагы дарактар жана дубалдар бузулушу мүмкүн. 

Эң көп окулган жаңылыктар