15:55
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Таластын Май айыл өкмөтү «Эң мыкты айыл өкмөтү» аталып, 1,5 миллион сом утту

Талас облусунун Манас районунун Май айыл өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын арасындагы сынакты жеңип алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

«Эң мыкты айыл өкмөтү» сынагынын жеңүүчүлөрү эки топко бөлүнүп аныкталды. Биринчи топто мыктылыкка Манас районунун Май айыл өкмөтү татып, ал 1,5 миллион сом сыйлыкка ээ болду.

Экинчи орунду Ош облусунун Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтү 1 миллион сом менен ээледи. Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айыл өкмөтү 500 миң сом утуп, үчүнчү орунга жайгашты.

Экинчи топто 1,5 миллион сомду Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл өкмөтү, 1 миллионду Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтү, 500 миң сомду Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Болот Мамбетов айыл өкмөтү алды.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби