08:22
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Мамлекеттик тилди билгендер гана жергиликтүү кеңешке талапкер боло алышат

Айыл өкмөттөрүн түз шайлоо боюнча долбоор коомдук талкууга чыгарылды.

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев айтымында, ал демилгелеген «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоолор жөнүндө» мыйзам долбоорунда депутаттыкка талапкер адам сөзсүз мамлекеттик тилди билиши керектиги белгиленет.

Андан тышкары «Айыл өкмөт башчыларын түз шайлоо» жобосу киргизилет. Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын мөөнөтүн 4 жылдан 5 жылга которуп, ашыкча чыгаша кетирбей, келечекте Жогорку Кеңештин депутаттары менен бир күндө өткөрүү да пландалууда.

«Биринчи кезекте айыл өкмөт башчыларын түз шайлоону ишке ашырып алсак, келечекте шаарлардын мэрлерин дагы эл тарабынан түз шайлоо керек деген мыйзамды алып чыгабыз», — дейт Кенжебек Бокоев.

Эң көп окулган жаңылыктар