17:01
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Аксы районундагы 5 калктуу конушка айыл макамын ыйгаруу үчүн 70 миӊ сом керек

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы 5 калктуу конушка айыл макамын ыйгаруу үчүн 70 миӊ сом керектелет. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин отурумунда маалым болду.

Маалыматка ылайык, ушу тапта негизинен калк жайгашып, отурукташкан, бирок расмий түрдө айыл болуп эсептелбеген калктуу конуштардын саны жүз элүүдөн ашык. Алар Тосту калктуу конушундагы 499 кожолукта 1 миң 763 киши, Туюк-Жар калктуу конушундагы 383 кожолукта 1 миң 511 киши, Өлөң-Булак калктуу конушундагы 291 кожолукта 1 миң 404 киши, Кара-Башат калктуу конушундагы 488 кожолукта 1 миң 837 киши, Чарбак калктуу конушундагы 276 кожолукта 859 киши жашайт.

Аталган конуштарга айыл макамын ыйгаруу үчүн керектелген каражат демөөрчүлөрдүн эсебинен каржыланууга тийиш. Андан тышкары, жаңы түзүлгөн 5 айылдын айыл башчыларын кармоого жергиликтүү бюджеттен жылына 420 миӊ сом жумшала турганы белгилүү болду.

Эң көп окулган жаңылыктар