09:12
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Чүйдүн айыл өкмөтү 1 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кен-Булун айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучусу, 1967-ж.т. С.Д. 1 миң доллар алып жаткан учурунда кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Маалыматка караганда, 52 жаштагы айыл өкмөтү болуп иштеген айым жер тилкесине керектүү иш кагаздарын даярдап берүү үчүн 5 миң доллар талап кылган.

«2007-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кең-Булун айыл өкмөтүнүн чечими менен Ж.К. аттуу жаранга турак үйлөрдү куруу үчүн жалпы аянты 0,20га жер участогу бекитилген. Бирок көрсөтүлгөн жер участогу жергиликтүү органдарына катталбай калган. Участокту алып башка адамдарга өткөрүп берүү менен коркутуп, С.Д. Ж.К. аталган жер участокко зарыл болгон документтерди процессин даярдар берүү үчүн 5 миң. АКШ долларын талап кылган», — дейт УКМК.


Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (опузалап пара талап кылуу) кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки териштирүүнүн негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Айыл өкмөтү убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума