USD87.45EUR98.08RUB1.04
24.kg

Кээ бир айылдарда айыл башчысы пайда болушу мүмкүн

14:29, 21 ноября 2024, Бишкек - 24.kg

Министрлер кабинети айыл башчысы жөнүндө жобону бекитти. Бул тууралуу Токтом сайтында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, жобо эмгек келишиминин негизинде кабыл алынган айыл башчысынын кызмат ордуна талапкерлердин квалификациялык талаптарын, милдеттерин, критерийлерин аныктоо максатында иштелип чыккан.

Регламентке ылайык, айыл аймагынын административдик борборунан өзүнчө жайгашкан айылдарга, айылдык аймактарга айыл башчысынын кызмат ордун киргизүү, жергиликтүү маанидеги маселелерди тез арада чечүүнү уюштуруу жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн айыл өкмөтү айыл аймагынын башчысынын кызмат ордун киргизе алат.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18