18:03
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

ЕАЭБ 2018-жылдан баштап пенсиялык камсыздоону ишке киргизет

ЕАЭБте пенсиялык камсыздоо 2018-жылдан башталат. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков уюмдун өкмөттөр аралык кеңешмесинен кийин билдирди.

Анын айтымында, уюмдун башкы маселелеринин бири — эмгек рыногунун ресурсун түзүү.

«Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдө эмгектенгендерди пенсиялык камсыздоо боюнча келишим абдан маанилүү. Анткени аны менен уюмга кирген мамлекеттердин жарандарынын тең укуктуулугу камсыз болот. Биз мүчө мамлекеттерди 2018-жылга чейин бул документти иштеп чыгууга чакырдык», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстан уюмдун аймагында капитал, эмгек ресурстары жана товардын эркин кирип-чыгуусун жана бирдиктүү рынокту камсыз кылууга даяр.

Эң көп окулган жаңылыктар