23:23
+26
USD 68.66
EUR 80.81
RUB 1.16
Кыргызча

Жети-Өгүздө ата-энеси он жашар баласынын зордукталганын жарышышкан

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмү он жашар баланы зордуктаган 26 жаштагы кишиге кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгы кабарлайт.

Маалыматка караганда, 2-август күнү 10 жашар бала атасы менен бирге талаада иштеген. Аларга 26-жаштагы айылдашы К. уулу Майрамбек келген. Алар үйгө кайтып келгенден кийин, К. уулу Майрамбек он жашар бала менен талаада калган өтүгүн алып келүү үчүн кайра кеткен. Жолдо балага күч колдонуп, зордуктаган.

Ата-энеси айылдашына каршы арыз жазуудан баш тартышкан. Бирок, милиция иш козгоп, айыптууну кармап, абакка камады.

Соттук экспертиза белгиленип, териштирүү жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар