02:22
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Тажикстанда аялын өз жанын кыюуга чейин жеткирген адам соттолууда

Тажикстандын Восей районунда үйлөнүү тойдон көп өтпөй өз жанын кыйган 18 жаштагы Раджабби Хуршеддин күйөөсү Зафар Пиров камакка алынды. Бул тууралуу 31-июлда райондук соттон кабарлашты.
Мурдараак Восей районунун прокуратурасы аялын өз жанын кыюуга чейин жеткирген деп айыпталган Зафар Пировдун иши сотко өткөнүн билдирген. Эгер ал бул берене боюнча күнөөлүү деп табылса, 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

7-июлда Зафар Пиров күнөөсүн моюнуна албай турганын жана адилеттүү сотко үмүттөнүп жатканын билдирген. «Прокуратурадан менин чындыкты гана айтышымды талап кылышты. Мен аларга жубайым расмий түрдө экинчи аял алуума макулдугун бергенин айттым. Ошондой эле ал жазып калтырган катында биз үйлөнгөнгө чейин башка бирөө менен жыныстык катнашта болгонун мойнуна алган. Мен аны ата-энесинин үйүнө алып барам дегенден кийин уксус кислотасын ичип, ооруканада көз жумду», - деди ал.

Пиров аялы өз жанын кыйгандан кийин болгон ишке өкүнүп жатканын айтты. «Мен анын өлүмүн каалаган эмесмин. Бирок анын ата-энеси үйлөнүү тойго кеткен 13 миң сомонимди кайтарып берсе деп аткам»,— деди ал.

Раджаббинин апасы Фазила Мирзоева кызын ушак-айыңдар жана зомбулук менен өз жанын кыюуга чейин жеткиришкен деп эсептөөдө.

Эң көп окулган жаңылыктар