17:20
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстан менен Тажикстан ТИМ башчыларынын кеңешин жандандырууга ниеттенүүдө

Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев менен Сироджиддин Мухриддин Душанбеде 2024-2025-жылдарга карата тышкы саясат мекемелеринин кызматташуу программасына кол коюшту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле тараптар тар жана кеңейтилген форматта жолугушуу өткөрүштү.

ЖМКлардын маалыматына караганда, Жээнбек Кулубаев 2008-жылы 16-майда мамлекеттер аралык координациялык кеңешти жана Тажикстан менен Кыргызстандын тышкы иштер министрлеринин кеңешин түзүү тууралуу меморандумга кол коюлганын билдирди. Ал тышкы иштер министрлеринин кеңешин кайра жандандырууну сунуштады.

Жээнбек Кулубаев белгилегендей, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин толук бүтүрүү тараптарга өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташууну активдештирүүгө мүмкүндүк берет.

Тажикстандын ТИМ башчысы республика Кыргызстан менен мамилени өнүктүрүү ниетинде экенин белгиледи. «Азыркы этаптагы милдет бардык тармактар боюнча мамлекеттер аралык байланыштарды ырааттуу өнүктүрүү», — деди Сироджиддин Мухриддин.

Эң көп окулган жаңылыктар