16:36
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон чек ара маселесин талкуулашты

Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон менен жолугушту.

Өлкө лидерлери кыргыз-тажик эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын жана келечегин талкуулашты.

Ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерине өзгөчө көңүл буруп, башка темалар боюнча да пикир алмашты.

Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тажик бийлигин Кыргызстанга карата аймактык дооматтарынан баш тартууга чакырган.

«Эгерде коңшу өлкө өзүнүн аймактык дооматтарынан баш тартпаса, анда биз да аны коебуз. Бизде буга күч жана мүмкүнчүлүк жетиштүү. Бизде ондогон, ал тургай жүздөгөн жылдар мурун Тажикстанга өткөн жерлерибизди кайтарып алуу мүмкүнчүлүгү бар», — деген ал.

Мындан кийин эле Кыргызстандын Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Эрлан Абдылдаев коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине чакырылган. Сүйлөшүү учурунда элчиге 15-сентябрда маалымат мейкиндигинде пайда болгон Кыргызстандын жогорку мамлекеттик кызмат адамынын тажик-кыргыз чек ара маселелери боюнча айткандары тажик тараптын тынчсыздануусун жаратканы билдирилген.

Эң көп окулган жаңылыктар