13:37
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кримтөбөл Кадыр Досонов 5-мартка чейин камалды

Адам өлтүрүүнү уюштурууга айыпталган, кылмыш дүйнөсүндө «Женго» каймана аты менен таанымал Кадыр Досонов Ош шаарынын тергөө абагына киргизилди. Маалыматты Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы тастыктады.

Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда кримавторитет тергөө абагында 2023-жылдын 15-мартына чейин кармалат.

«Сот Досоновду камоо токтомун чыгарды. Калган кармалгандардын бөгөт чарасы бүгүн каралат», — деп белгиледи башкармалык.

«13-январда түнкү саат 01:15те Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүндө белгисиз адамдар Баткен облусунун 1993-жылы туулган тургунун курч нерсе менен сайып өлтүрүп, Кара-Суу районунун 1995-жылы туулган тургунун катуу сабап кеткен. Натыйжада ал Ош шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө түшкөн. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин жана алынган маалыматтардын негизинде бул өзгөчө оор кылмышка шектүү катары кылмыш чөйрөсүндө «Женго» деген каймана ысым менен таанымал, Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Кадыр Досонов кармалды», — деп жазылган милициянын маалыматында.

Кадыр Досонов буга чейин оор беренелерге айыпталып бир нече жолу кармалып, кайра бошотулган.

Соңку ирет аны 2021-жылдын февраль айында Улуттук коопсуздук комитети кармаган. Былтыр сентябрда Жогорку сот төмөнкү инстанциялардын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн.

Эң көп окулган жаңылыктар