17:12
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Тажикстанда Европа өлкөлөрүнөн иш издегендер көбөйүүдө

Акыркы жылдары Тажикстанда Европа Биримдигине мүчө өлкөлөргө же Түштүк Кореяга иштегени барууга аракет кылгандар көбөйдү. Бул тууралуу «Озоди» радиосу кабарлады.

Орусияга салыштырмалуу аталган өлкөлөрдө эмгек шарттары жана маяналары кыйла жакшы, бирок тажикстандыктар үчүн виза талап кылынат. Бул үчүн жарандардын көбү өз кызматын сунуштаган ортомчу компанияларга кайрылышат. Адатта алардын көбү кадимки эле алдамчы болуп чыккан учурлар көп.

Ошол эле маалда ЕБ өлкөлөрүнө барып иштөөнү каалаган мекендештерине буга чейин Европада иштеп калган айрым тажик мигранттары да интернет аркылуу кеңештерин берип турушат. Алардын айтымында, Европада көбүнчө жүк унааларына айдоочулар көп талап кылынат. Мындай жумушка орношуу үчүн интернеттен транспорттук компанияларды өз алдынча таап, ортомчусуз эле алар менен байланышууга болот.

Эң көп окулган жаңылыктар