13:08
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен жолугушту

Садыр Жапаров Душанбе шаарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Өлкө лидерлери кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле регионалдык жана эл аралык күн тартиби жана Борбор Азия мамлекет башчыларынын алдыдагы бешинчи Консультативдик жолугушуусу боюнча пикир алмашты.

«Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон эки мамлекеттин жана элдердин ортосундагы ынак коңшулукту бекемдөө максатында үзгүлтүксүз саясий диалогду улантуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эки тараптуу мамилелердин бардык спектри боюнча ачык жана мазмундуу баарлашууга даяр экендиктерин билдиришти», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар