19:02
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Берлинде 30дай киши Рахмондун сапарына каршы акция өткөрдү

28-сентябрда тажик оппозициясынын бир тобу Берлиндеги Тажикстан элчилигинин алдында президент Эмомали Рахмондун Германияга иш сапарына каршы нааразылык акциясын өткөрүштү.

Алар Эмомали Рахмондон саясий туткундарды бошотууну жана Тажикстанда адам укуктарынын сакталышын камсыз кылууну талап кылышты.

Нааразылык акциясынын катышуучуларынын бири «Озоди» радиосуна акцияга Тажикстандын Улуттук альянсы менен «Группа 24» кыймылынын 30га жакын жактоочусу келгенин кабарлады.

Тажикстандын Берлиндеги элчилиги тажик оппозициясынын тарапкерлеринин нааразылык акциясына азырынча жооп бере элек.

29-сентябрда Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчылары «Германия — Борбор Азия» саммитине катышат.

Эң көп окулган жаңылыктар