Мечиттердеги азандын үнү 40 децибелден ашпашы керек. Муфтият азан айтуунун жол жобосун иштеп чыкты.
Ага ылайык имамдар азан айтууда эрежелерди так сактап, эң башкысы кулакка жагымдуу кылып айтышы зарыл.
Эскерте кетсек, Бишкек шаарындагы мечитке жакын жайгашкан үйлөрдүн тургундары азан өтө катуу айтылып, айрыкча эртең мененки азан балдарды чочутуп ойготуп жиберип жаткандыгына арызданышкан.