Санкт-Петербург шаарында сууга чөккөн кыргызстандыктын сөөгүн мекенине алып келүү аракети көрүлүп жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдайт.
Эскерте кетсек, 16-июль күнү кыргыз жараны Россиянын түндүк борборунда сууга чөгүп кеткен. Күбөлөрдүн айтымында, ал мас абалында көлгө чөмүлгөн бойдон, кайра чыккан эмес.
Анын 1969-жылы туулган Калыс Турсунбаев экендиги аныкталды.