10:19
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Чүйдө 5 жашар кыз жоголду

Ысык-Ата районунун милициясы Элиза Элианова издөө жарыялады. Кыздын ата-энеси Бишкекте турат.

Ал 11-июль күнү чак түштө «Ысык-Ата» курортуна жакын дарыядан жоголгон.

Милициянын маалыматында, кыздын бою 60–70 сантиметр, кыска кара чачтуу, күрөң көздүү, кыргыз тилинде сүйлөйт жана аты-жөнүн атын айта алат.

Маалыматты төмөнкү телефондорго кабарлоого болот: 0701616907, 0701110515, 05561 12522, 0701017608.

Эң көп окулган жаңылыктар